www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңешке шайлоого карата Орусиядагы кыргыз жарандарынын тизмеси октябрда такталат. 4-17-октябрда ал жактагы кыргызстандыктардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу, консулдук каттоого коюу жана башка документ иштери жүргүзүлөт.

Аны Кыргызстандын элчилигинин өкүлдөрү ишке ашырат. Бул алдыдагы парламенттик шайлоого даярдыктын алкагындагы иш-чара экенин Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.

21-сентябрда БШК мүчөлөрү Москвадагы элчиликте кыргыз диаспораларынын жана коомдук бирикмелердин өкүлдөрү менен жолугушту.

28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо Орусияда 20 добуш берүү тилкеси ачылат.

-Москвада беш жерде;

-Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Владивосток, Красноярск, Иркутск, Якутск, Южно-Сахалинск, Сургут, Тюмень, Казань, Краснодар, Самара, Томск жана Хабаровск шаарларында бирден шайлоо тилкеси болот.

Расмий эсепте Орусияда 500 миңден көп, бейрасмий миллиондон ашуун кыргызстандык бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости