www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Хабаровск крайында «Ан-26» учагы кулаган жерден адамдардын сөөгү табылганы тууралуу маалыматты «ТАСС» жарыялады.

Маалыматка ылайык, учактын ичинен эч ким тирүү калган эмес. Учак кулаган жерди адистер бүгүн бир нече сааттык издөө иштеринен кийин табышты.

Ыкчам кызмат учактын кулап түшүшүнө аба ырайы себеп болушу мүмкүн экенин божомолдоп жатат. Учурда учуудагы коопсуздук эрежелеринин бузулушуна байланыштуу кылмыш иши козголду.

Белгилей кетсек, кечээ, 22-сентябрда «Ан-26» учагы Хехцир коругунан алыс эмес аймактан радардан жоголгон. Бортто жайкы курамдагы 6 адам болгону айтылган болчу.

Учурда издөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Эске салсак, ушул жылдын 6-июлунда дагы Камчаткада «Ан-26» учагы кулап, 28 адам курман болгон.

Даярдаган: Айбар Абдылдабеков

Булак: NazarNews.kg

Последние новости