www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

COVID-19дан ооруп айыккан адамдарда чачын боётуу учурунда кызаруу, күйүп кетүү, быдырала жана дагы бир топ олуттуу көйгөйлөрдү жараткан аллергиялык реакциялар байкала баштады. Улуу Британияда салон ээлерине бул маселе боюнча эскертүү берилди жана "патч-тест" милдеттүү түрдө кабыл алынды. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.

Улуу Британиядагы чач тарачтардын айтымында кээ бир COVID-19 менен ооруган кардарлары чачтарын боёткондо алардын денесинде бүдүр жана күйүк сыяктуу жаңы аллергиялык реакцияларга кабылганын айтышкан. Коопсуздук чарасы катары, кардарлардын чач боёкко аллергиясы бар же жогун текшерүү үчүн "патч" тесттин жүргүзүшүүдө. Ал кардарларга аз өлчөмдөгү боёкту чачына сыйпап 48 саат убакыт кармап туруу керек.

Короновирустан айыккан Гемма аттуу аял бир нече жылдар бою бир эле чач боёгучту колдонгонуна карабай, "патч" тесттинен оң натыйжаны көрсөткөн. Чач тарачтын ээси бардык кардарлар үчүн милдеттүү “патч” тесттерин баштагандан бери дагы төрт кардардын боёгучтарга аллергиялык реакциясы бар экенин көргөн.

Түстөр боюнча адис Шарлотта Баркер дагы ушул жылдын башында кадимки кардар олуттуу реакцияга кабылгандан кийин тез жардам менен ооруканага түшкөнүн айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости