www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байден менен Си Цзинпин телефон аркылуу сүйлөштү

Кошмо Штаттардын президенти Джо Байден кызматка киришкенден бери биринчи жолу Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзинпин менен телефондон сүйлөштү.

Ак үй 10-февралда тараткан билдирүүдө “Байден Бээжиндин адилеттүү эмес экономикалык ыкмаларына, Гонконгдогу куугунтуктоолорго, Шинжаңдагы адам укуктарынын бузулушуна, региондогу барган сайын агрессивдүү болуп бараткан аракеттерге, анын ичинде Тайванга каршы багытталган кадамдарга терең тынчсыздануусун белгиледи” деп айтылат.

Эки кубаттуу державанын өз ара мамилелери бир катар саясий, экономикалык жана адам укуктарына байланышкан маселелерден улам начарлаган.

Коронавирустун жайылышы үчүн жоопкерчиликти Бээжинге жүктөгөн АКШнын мурдагы президенти Дональд Трапм былтыркы март айынан тартып Кытай лидери менен сүйлөшкөн эмес.

Кытайдын мамлекеттик телеканалы маалымдагандай, Си Цзинпин Байденге ортодогу пикир келишпестиктерди жөнгө салса болорун айтты. Кытайдын суверенитети жана аймактык бүтүндүгүнө тиешелүү маселелерге, анын ичинде Тайвань, Гонконг, Шинжан иштерине кийлигишүүдөн оолак болууга чакырды.

Вашингтон администрациясынын маалыматына караганда, жетекчилер пандемияны, климаттагы өзгөрүүлөрдү, курал-жарактын жайылышын алдын алуу маселелерин талкуулашты

Ортодогу пикир келишпестиктерге карабай, америкалык президент Вашинтондун жана өнөктөштөрүнүн кызыкчылыгы үчүн Бээжин менен кызматташтык уланарын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости