www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өткөн жылы пандемия апаатында элибиз кыйла каржалып, ден-соолук азабын тартышты. Сырттан келген гуманитардык жардамдарды Сооронбай Жээнбековдун командасы, асыресе, Чыңгыз Айдарбеков, Данияр Сыдыков сыяктуулар сатышып, карапайым калктын көз жашынан пайда табышканбы? ПЦР тесттер, дары-дармектер ж.б. пулданганбы? Эгерде мындай жоруктары далилденсе, анда грант, кредитке келген жардамдарды тымызын уурдашаары турган ишпи? Айтор, көп бүдөмүк көрүнүштөргө жооп ала албай отурабыз.
Былтыр март айында Кыргызстанда коронавирусту жуктургандар ачыкталып, коомчулук дүрбөлөңгө түшө баштаган. Ооруну диний зыяратчылар алып келгени азырда зээнди кейитет. Көп өтпөй өлкө карантинге жабылып, өзгечө абал киргизилген. Дал ошол оор күндөрү Райымбек Матраимов Кыргызстандын бардык региондоруна азык-түлүк, ун таратканын билебиз. Жетишсиз үй-бүлөлөргө бир топ огожо иш эле. Вируска каршы эмнелер керектелээри алдыртан анализ кылынып, муктаждыктар ооруканаларда чечиле баштаган.
Жаз айлары карантинге алынып, орто маанайда өткөнү менен июнь айынын аягы кырдаал курчуп кеткен да. Дал ошол кезде Райымбек Матраимов ооруканаларды ачтырып, дары-дармектерди камсыздап, ПЦР тесттерди, жасалма дем алдыруучу аппараттарды алдырып, эбегейсиз эрдик жасап, алкоого аларлык кызмат кылган. Канчалаган адамдардын өмүрүн сактап калды? Ден-соолук сакчысы катары Райымбек Матраимов колунан келишинче аянбастан мекендештерине кам көргөн. Ооба, июль, август айларындагы апаат унутулбайт...
Жыйынтыгында, Райымбек Матраимовго орден тагып, мамлекеттик деңгээлдеги сыйлык берсек жарашмак. Тилекке каршы, учурда ал соттук териштирүүдө көнөөкөр катары жооп берүүдө. Бул күндөр да өтөт. Райымбек мырзанын миңдеген адамдарга кылган жакшылыгы, сооп иштери дем берет. Ак батаны, ыраазычылыкты арбын алган каарманыбызды Кудай колдойт!
Булак: Азия News гезити