www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйылкы окуу жылы башталгандан бери окуучулар арасында кононавирус жуктуруп алгандар эң көп ноябрь айында катталган. Бул маалда өлкө боюнча 320 окуучу вируска чалдыкканын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдириди.

Белгилей кетсек, өлкөдөгү мектептер былтыркы окуу жылынын 3-чейрегинен бери аралыктан окуу режиминде иштеп жатат. Быйылкы окуу жылынын башынан бери 1-класстын балдары мектепте окуп, жакын арада эле алардын катарына 5, 9 жана 11-класстын окуучулары кошулду.

Бардыгы болуп Кыргызстанда 85 328 киши коронавируска кабылды. Алардын арасынан 2 464ү (2,9 пайызы) мектеп курагындагы балдар. Ал эми мектепке чейинки курактагы бөбөктөр арасында 1 432 (1,7 пайыз) учур катталган.

Айларга бөлүп карай турган болсок, сентябрда — 48, октябрда — 315, ноябрда — 320, декабрда 214, ал эми январда — 109 окуучу вирус жугузган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости