www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын жаңы администрациясы Орусияга каршы жаңы санкцияларды киргизиши толук ыктымал. Антпесе, Трампты Москва менен мамилесиндеги «жумшактыгы» үчүн сындаган Байден көпчүлүктүн колдоосунан айрылып калышы мүмкүн деп эсептейт АКШнын Институтунун Саясий-аскердик изилдөө борборунун башчысы жана Канада АКК Владимир Батюк.

«Айрым санкциялар киргизилет, антпесе Кошмо Штаттардын эли Байденди туура эмес түшүнө башташат. Бүткүл Демократиялык партия менен бир нече жыл бою Трамптын администрациясын Орусияга карата өтө эле «жумшактык көрсөтүп жатат» деп сындаган. Эгер Байден санкция киргизбей, өзү да жумшактык кылып алса, анда Трамп аракетсиз отурбашы шекесиз. Бир катар санкциялар сөзсүз түрдө болот», - деди Батюк.

Белгилей кетсек, буга чейин Байден баш болгон америкалык демократтар мурдагы президент Дональд Трампты Орусияга «жумшак» мамиле жасап жатат деп бир нече жолу сындап келишкен.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости