www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК тарабынан камакка алынган Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Тургунбаев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Ош облустук сотунан кабарлашты.

Маалыматка караганда, ал кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелүүдө.

--«Кара-Суу районунун Сарай айыл өкмөтү тарабынан мектепти куруу боюнча 140 млн 230 миң 670 сомдук тендер жарыяланган. Жыйынтыгында 137 млн 900 миң сом сунуштаган «Акмат курулуш» ЖЧКсы жеңүүчү деп табылып, Сарай айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы И.А. менен «Акмат курулуш» ЖЧКнын өкүлү С.А.нын ортосунда №76 сандуу келишим түзүлгөн. Ага катар эле 2018-жылдын 11-сентябрында Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы З.Т. менен «Акмат курулуш» ЖЧКнын директору А.К. уулунун ортосунда мектепти куруу боюнча кошумча курулуш иштерине 21 млн 105 миң 463 сомдук келишим түзүлгөн.

Жогоруда аталган иштерде Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы З.Т. өзүнүн кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланып, Сарай айыл өкмөтүнүн Киров айылындагы 720 орундуу мектептин курулуш иштеринин жүрүшүндө мамлекетке 24 млн 209 миң 93 сомдук зыян келтиргендиги аныкталган.

Ал 2021-жылдын 6-январь күнү тергөө органдары тарабынан Жазык процессуалдык кодексинин 98-беренесинин (кармоонун негиздери) негизинде кармалып, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгында убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 8-январда Жазык кодексинин 320-беренесинин 3-пунктунда (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымат берилген.

Ош шаардык сотунун 2021-жылдын 8-январындагы токтому менен Ош облустук прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору Э.Асанкуловдун өтүнмөсү жарым-жартылай канааттандырылган. Шектүү З.Т.га карата бөгөт коюу чарасынын үй камак түрү 2 айга чейин, башкача айтканда 2021-жылдын 6-мартына чейин колдонулган. Шектүүгө Кыргыз Республикасынын Жазык процессуалдык кодексинин 115-беренесинин (үй камагы) талаптары түшүндүрүлгөн. Ага коюлган чектөөлөрүн аткарылышы үчүн көзөмөлдү жүзөгө ашыруу Кара-Суу РИИБге жүктөлгөн», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кытчысы Нуркыз Кадырбек кызы Кара-Суу районунун 2 айыл өкмөтүндө каржылык иликтөө башталганын тастыкталган. 

«Убактылуу Кара-Суу районунун акиминин милдеттин аткаруучу тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн эмне экенин толук айткан жок. Бирок финансылык иликтөө жүргүзүлүп жатканын айтты. Кара-Суу районунун Сарай жана Савай айыл өкмөтүнө УКМК тарабынан финансылык иликтөө жүргүзүлүп жатканы чындык», - деген Кадырбек кызы.

Тургунбаев Замир Жолболдуевич айыл өкмөт башчысы болуп 2017-жылдын февраль айында шайланган. 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо «Мекеним Кыргызстан» (№116) партиясынан талапкер болгон.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости