www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кочкордо чөөлөр көбөйүп кетти, учурда 8 чөө атылды

Кочкор районундагы мергенчилер Кочкор токоюнда чөө сыяктуу жырткыч жандыктардын саны көбөйүп кеткендигине байланыштуу алардын санын азайтуу үчүн мергенчиликке чыгып жатышат.  Бул тууралуу интернет колдонуучулар социалдык баракчаларына жазышты. 

Айыл тургундарынын айтымында, чөөлөрдүн көбөйүп кеткендигинен токойдогу коён, кыргоол сыяктуу жаныбарлар азайып баратат. Чөөлөр түнкүсүн айылдын четине чейин келип, таштандылар төгүлгөн жайларга барышууда. Кээде жалгыз калган кой, козуларга кол салууда.

Жаңы жылдан бери мергенчилер сегиз чөө атышты. Чөө өтө сак, куу жаныбар болгондуктан токойдогу чытырман жерлерде жашайт. Аларды токойдон айдап чыгуу үчүн тайгандар, аңчылыкка ылайык иттер жардам көрсөтүүдө.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости