www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Джо Байден Польша-Беларус чек арасындагы кырдаалга тынчсыздануусун билдирди. Ал жерде миңдеген мигранттар Евробиримдикке өтүүгө үмүттөнүп, Беларус тарапта оор шартта баш калкалап жатышат.

Ушундай эле пикирин мурдараак вице-президент Камала Харрис Францияга жасаган иш сапары учурунда айткан.

"Беларус абдан кооптуу иш менен алек. Бул нерсени мен президент Макрон менен талкууладым. Дүйнө жана анын лидерлери болуп жаткан окуяларга көз салып турат", - деди Харрис маалымат жыйынында.

Евробиримдиктин лидерлери Минскини “гибриддик согуш” тактикасы үчүн айыптап, ал согуш жүрүп жаткан жана жакыр өлкөлөрдөн келген мигранттарды азгырып, чек араны көздөй түртүп жатканын билдирүүдө.

Евробиримдиктин аткаминерлери Минскинин бул саясаты Александр Лукашенконун бийлигине каршы санкциялар үчүн өч алуунун бир түрү деп эсептейт.

Бир катар авиакомпаниялар 12-ноябрда мигранттардын агымын токтотуу үчүн аба каттамдарын чектей турганын жарыялаган.

12-ноябрда Беларустун мамлекеттик "Белавиа" авиакомпаниясы Ирактын, Сириянын жана Йемендин жарандарын Түркиядан Беларуска ташып келүүнү токтотконун жарыялады. Мындай чечим түрк бийлигинин талабы жана Беларус менен Европа Биримдигинин чек арасындагы миграциялык кризистен улам кабыл алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости