www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясый көз карашын таамай айтып келе жаткан Гүлжигит Исаков акыркы учурда динге таянып, ыйманын көрсөткүсү келгендерге өзүнүн жеке пикирин билдирди.
«Ыйман (кыргызчадагы мааниси боюнча) - бир адамга тиешелүү баалуулук эмес. Ал аны иш жүзүндө кармангандарга таандык нерсе! «Мекенди коргоо ыймандан» деген жакшы сөз бар.
Мекенди кантип коргойсуң? Аны физикалык жактан, маалыматтык-идеологиялык жактан же башка жактардан коргосоң болот.
Мамлекеттин башында тургандар өлкөгө каршы саясатын жүргүзүп жатышса, ага үн катуу менен дагы ыймандуу экениңди далилдей аласың.
Улам эле бийликке келгендердин тилин таап, мамлекетке каршы жүргүзгөн саясаттарына үн катпай келсең, өзүңө, жакындарыңа, элиңе жана өлкөңө эле кыянаттык кылганың аз келгенсип, ыйманыңа дагы кыянаттык кылган болосуң!
Ыйманды кантип көрсөтөсүң? Амалың менен. Иш жүзүндө, практика менен!
Толтура нерселерди жаттап алып, аны айтуу менен чектелип, бирок, иш жүзүндө аткарбасаң, китеп жүктөлгөн эшек сымал болуп каларың бышык!
«Мен ушуларды жатка билем! Мага добуш бергиле!» дегениң өтпөйт!
Сен улам эле жаңы бийликке келгендердин тилин таап жатканыңда, мурдагысы менен кийнкисинин ортосунда келишпестиктер болот да? Сен мурдагысы менен тил табыштың. Анан кийинкиси менен позицияң бир болду.
Демек, сенин позицияң туруксуз! Сенин позицияң ыймандын талаптарын аткаруу эмес, ыйманды соодалоо!
Ыйман - сенин аракеттериңде, мекениңди коргоодо, позицияларыңда байкалып турушу керек! Риторикаларыңда эмес!
«Дин соодагери» болуудан кудай сактасын!
Намаз окусаң - өзүң үчүн!
Ибадат кылсаң - өзүң үчүн!
Эл үчүн эмне кылып бересиңер, ошону программаңар менен айткыла! Анан, ишке ашыруу механизмдерин жана мөөнөтүн айта кеткиле!» – дейт белгилүү активист Гүлжигит Исаков.
Булак: NazarNews.kg