www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Киши кийик Кыргызстанда да барбы?

Киши кийиктер менен жолугушкандар тууралуу аңыздар көп айтылат. Монголияда  геология илимдеринин доктору Аркадий Михайлович Никифоров 1971- жылы жолугушканы тууралуу жазган. Бир күнү түн ичинде ал жаткан палата титиреп, геолог тышка атып чыгат. Караса эч кимге окшошпогон зор денелүү бир жандык турат,анан андан саңырсыган жаман жыт согуп туруптур. Ал жандыктын денеси бүт жүн менен капталып, мойну жок экен, колу болсо абдан узун экен,ал жандык бүкүрөйүп туруптур. Геолог менен жандык бири-бирин тиктеп туруп экөө эки жакка качыптыр.  

Никифоров палатага кирип келип коркуу сезими менен мылтыгын алып атып салууга камыныптыр, бирок аны менен бирге жаткан монголдор бул жандык башка жаныбарлар сыяктуу эле,адамга жамандык деле кылбайт деп тыйып коюшуптур.

Мындай жандыктар Кыргызстанда деле болсо керек. Б.Асакеев 63 жашта. Учурда туризм багытында иш алып барат. Буга чейин ал киши кийик бар экенине ишенип, көп жылдан бери бул жаатта изилдөөлөрдү жүргүзүп, эл оозунан маалыматтарды чогултуп келерин билдирген. 2000-жылы Б.Асакеевдин киши кийик чын эле бар деген ишенимин бекемдеген бир окуя болгон. Нарын чек арачыларынын чалгындоо тобу Арпа аймагынан киши кийиктин изин табышкан. Бул окуяны аскер адамдары коомчулукка жарыялап шылдың болуудан коркушкан.

«Мен ал кезде мергенчилик инспекциясынын жетекчиси болуп иштечүмүн. Киши кийикке башынан кызыккандыктан, чек арачылар анын изин тапканын угуп, тынчым кетти. Мындай далилди колдон чыгарууга болбойт эле. Кийинки жылы чек арачылар менен биргеликте браконьерлерге каршы күрөшүү программасынын алкагында ошол жерге барып, сүрөткө тартып, видеого түшүрүп алмай болдум. Киши кийиктин изи ушунчалык терең түшкөн экен, бир жыл өтсө да калыбынан бузулбай сакталыптыр. Анын үстүн жалпак таштар менен жаап койгондуктан бузулбай турган экен. Видеодо көрүнүп тургандай, бутунун изинин узундугу 45 см болот. Кадамдардын ортосу 1,5 метр», - деген пикирин айтты Бакыт Асакеев.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости