www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Махачкала аэропортунун жанында полиция кызматкерин сүздү деп шектелген ММА мушкери Усман Нурмагомедов менен Камал Идрисов кошумча иликтөө үчүн Дагестандын борборуна жеткирилди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, 11-ноябрда Махачкала аэропортунун көзөмөл-өткөрмө пунктунда милиция кызматкерлери белгисиз адам башкарып бара жаткан Toyota Camry үлгүсүндөгү унааны токтотууга аракет кылган, унаанын терезелери караңгылатылган жана номуру жок болгон. Айдоочу токтобой, посттун кайтаруучу шлагбаумын кулатып, андан соң милиция кызматкерин сүзүп алган.
Орусия Федерациясынын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин окуянын бардык жагдайларын тез арада аныктоону тапшырган. «Усман Нурмагомедов менен Камал Идрисов ошол түнү кошумча иликтөө үчүн Махачкала аэропортуна жеткирилди», — деп айтылат маалыматта.
23 жаштагы Усман Нурмагомедов жеңил салмактагы UFC уюмунун мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедовдун аталаш бир тууганы. Октябрдын аягында Усман Нурмагомедов Орусияда өткөн биринчи Беллатор турниринде финляндиялык Патрик Пиетиланы жеңип алган.
Булак: NazarNews.kg