www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Женевадагы Орусия менен АКШнын сүйлөшүүлөрү эч маселе чечкен жок. Эми Орусия Брюсселде НАТО мамлекеттери менен сүйлөшөт, эгер Орусиянын талабы аткарылбаса, кандай кокустуктар келип чыгышы мүмкүн:

1.Орусия НАТОнун душмандары менен бириге баштайт. Кайрадан “кансыз согуш” башталат. Кытай менен ШКУ аркылуу бириккен эми биротоло НАТОго каршы күчкө айланат. Иранга,Түндүк Кореяга,Ливияга, Ооганстанга кол сунат.

2.Америка континенттиндеги АКШга баш бербей турушкан Куба, Венесуэла, Никарагуа сыяктуу мамлекеттеди жанына топтойт. Керек болсо ал жакка ядролук куралдарын жайгаштырат.

3.ЖККУ (ОДКБ) Казакстанда өзүн көрсөтүп койду.Орусиянын тогуз облусу менен чектешкен, миңдеген чакырым чек ара линиялары бар Казакстандын 18 пайызы орустар.  Казакстанга 70 учак менен аскерин кийирип, башаламандыкты заматта таш-талканын чыгарды. Калгандары аны колдомуш болушту. Орусия НАТО менен тирешип турганда Казакстанды колдон чыгарбай кармап калганы дурус болду. Болбосо, бул мамлекетти колдон чыгарып жиберсе Орусия үчүн өтө жаман болмок.

Согуштан кудай сактасын, 1945-жылы дүйнөлүк экинчи согуш бүтөр менен АКШ баш болгон өнүккөн мамлекеттер СССРге каршы куралдана баштайт. НАТО 1949-жылы аскердик кубаты өсүп жаткан СССРди ооздуктап туруу максатында негизделген. Улам кеңейип отуруп уюмга ушу тапта 29 өлкө, Түндүк Македония менен отуз мамлекет кирет.  Бул уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусия жаратып жаткан коркунуч тууралуу эскертти. Келишим боюнча 5 500 чакырым аралыкка уча ала турган ядролук жана башка ракета комплекстерине тыюу салынган. Столтенберг альянс Европада ядролук комплекстерди жайгаштырууга ниеттенбей турганын, бирок Орусияны тизгиндеш үчүн натыйжалуу чара көрөрүн маалымдады. Баш катчы НАТОнун мүчөлөрү акыркы эки жылда коргонуу чөйрөсүнө 41 миллиард доллар коротушканын, кийинки жылы бул сумма 100 миллиард долларга жетерин айтты. Германия бүгүн да ички дүң өнүмүнүн 2 пайызын бирдиктүү коргонууга жумшоодон баш тартып келатат. Көптөгөн аракеттерден кийин 2024-жылга карай коргонууга ички дүң өнүмүнүн бир жарым пайызын сарптоого араң көндү. Бирок немис парламентинин кароосуна жаңыдан коюлган быйылкы бюджеттин долбоорунда ошол убадасы да камтылбай, 1,3 пайыз деп жазылган.

Франциянын президенти Макрон Европа мындан ары НАТОдогу өнөктөшү АКШнын коргоосуна ишеним арта албасын айтып, "биз НАТОнун "мээсинин өлүп баратканына күбө болуп жатабыз" деп билдирген. Анын айтымында, "Европа жардын кырына кептелип калды жана мындан ары өзүнчө геосаясий держава катары өзүнө өзү кам көрүшү керек". Албетте, өз өнөктөштөрү тарабынан болуп жаткан мындай божомолдор НАТОнун кадыр-баркын түшүрүп келатат.

НАТОнун атаандашы эсептелген Орусия «Буревестник» ракетасын бир нече ирет сынаган. Орусия бул долбоорун ишке ашырууну тездетип, 2025-жылга чейин бүтүрүп, согушка колдонууга даяр кылып койгону жатат. Орусиянын глобалдык алыстыкка уча турган, континент аралык «Буревестник» аттуу канаттуу ракетасын НАТО уюму «SSC-X-9 Skyfall» деп атап келет. Алыс аймакка учуп жете турган бул ракета ядролук дүрмөт алып жүрүүгө ыңгайлашкан.

Жыйырма биринчи кылымда чоң геосаясий оюндар жүрчү жерлер булар: Орусия, Кытай, АКШ, Батыш Европа, Жакынкы Чыгыш, Индия жана Пакистан, Корея, Япония, Латын Америкасы жана Арктика. Мамлекеттин өнүгүшү географиялык ордуна көз каранды эмес, бирок өлкөнүн турган орду геосаясатта маанилүү факторго ээ экенин соңку жаңы тарых көрсөттү.

Албетте, геосаясат темасы көгүлтүр отунсуз толук болбойт. Москванын эң айбаттуу куралы - ядролук каруу-жарагын эске албаганда – армия менен аба-космостук күчтөр эмес, газ жана мунай. Кайсы өлкөнүн мамилеси Орусия менен жакшы болсо, ошол энергияны арзан алат. Ушу тапта Европа газ жана мунайдын болжол менен төрттөн бирин Орусиядан алат. Өлкө Москвага жакындаган сайын, анын энергетикалык көз карандылыгы өсөт. Латвия, Словакия, Финляндия Орусиянын газына 100%, Чехия, Болгария, Литва 80%, Австрия, Греция, Венгрия 60%, Германия 50%, Британия 13% көз каранды.

СССРден бөлүнгөн Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан бейтарап мамлекеттер. Отун- энергетика ресурстары жетиштүү болгон үчүн алар Орусия менен Батыштын коопсуздук же соода уюмуна кошулууга муктаж эмес. Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстандын экономикасы Орусияга байлангандыктан, бул беш мамлекет Москва башындагы ЕврАзЭКтин жана буларга кошулуп Тажикстан ЖККУ, ШКУга  мүчө болуп кирген. Балтия боюндагы Латвия, Литва, Эстония Европанын бардык саясий-экономикалык институттарына толук укуктуу мүчө. Ал эми НАТО менен Евросоюзга умтулган Грузия, Молдова, Украинанын аймагында орус аскерлери же орусиячыл жикчилдер бар.

Мурдагы 15 республика илгерки отурукташуусуна ылайык эгемендүү мамлекет болуп, тилин жана каада-салтын өнүктүрө баштаган. Экс-советтик Борбор Азия республикаларынын ар биринде талуу жери бар, себеби Сталин чек араны чийгенде ар бир титулдук улутту алсыратуу максатында экинчи титулдук улуттун аз эмес элин журту менен бирге кошуп берген.

Ал кездеги социалисттик мамлекетке каршы түзүлгөн, капиталисттик мамлекеттер үчүн куралдануунун очогу болгон. Социалисттик мамлекеттер токсонунчу жылдын башында тарап жок болду, ал эми НАТО кала берип, мына жетимиш жылдан ашып баратат. Бүгүнкү күнү НАТОнун бюджети 120 миллиард доллардан 400 миллиард долларга чейин көтөрүлүп баратат. Бүгүнкү НАТО башкы душманы катары Орусияны эсептейт. НАТОнун мааракелик саммитинде мурунку НАТО мамлекеттеирин өкүлдөрүнүн жана социалисттик лагерь тыптыйпыл болгон соң НАТОго кошулган мамлекет жетекчилери чогудлуп салтанаттуу майрамдашты. Бирок, НАТОнун бүгүнкү жетекчилеринин ортосунда Варшава келишимине каршы тургандай биримдик, ынтымак барбы? Анткени, НАТОнун мүчөлөрүнүн бири Түркия Орусиядан аскердик куралдарды сатып алган жатат. АКШ  Германияга бара турган “Түндүк агым-2ге” каршы экономикалык санкцияларды жүргүзгүсү келди, Германия АКШга моюн толгоп койду эле, Дональд Трамп азыр Германияга кол шилтеп койгондой. Улуу Британия НАТОнун мүчөлөрүнүн көпчүлүгүн түзгөн Европа Биримдигинен чыгып кетем деп турат. НАТОнун башында турган АКШ Орусия сыяктуу мамлекетти душман кылып кайрадан НАТОну жандандыргысы келип тургандай. Бирок, Орусиянын газы “Түндүк агым-2” менен Германия аркылуу Европага кирсе экономикалык жактан Европа Орусияга көз каранды болуп калат.

НАТОнун куралдары, аскери Орусиянын чек арасына чейин жетип келди, Орусияга жакын турган Польша НАТОнун аскерин көбөйтөбүз деп чечти. Мындай стратегиялык маневрлар Орусияны чоочутпай койбойт. Орусия Шанхай кызматташтык уюмун жана Жамааттык коопсуздук келишим уюмун (ЖККУ) түзүп, азыр саясий аренада АКШга каршы турган чоң күчтөрдүн бирине айланууда.

Дүйнөлүк экинчи согуштан кийин НАТОго каршы Варшава келишими түзүлгөн. Варшава келишими тараган соң, анын көпчүлүк мүчөлөрү НАТОго өткөн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости