www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирустун "омикрон" штаммы Кыргызстанда катталса COVID-19 жуктургандардын саны рекорддук көрсөткүчкө жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Министрдин пикиринде, өткөн жылы күнүнө 2000 адамга (29-июнда 1965 учур — ред.) чейин оору жуктурганы аныкталып турган.
"Божомолдор бар, бирок менин сөзүмдүн чындыкка "айланып" кетишин каалабайм. Эгер өтө жугуштуу "омикрон" штаммы келсе, мурдагы толкундан ашып, рекорд жаратышы мүмкүн. Кырдаалга объективдүү карап айтканда ушундай", — деп белгиледи Бейшеналиев.
Ошондой эле министр "омикрон" штаммын жуктурган бейтаптардын 70-80 пайызын үй шартында дарыласа боло турганын кошумчалады. Себеби ал оору жеңил өтөт.
Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда "омикрон" штаммы каттала элек.
Эске салсак, "Омикрон" штаммы эки ай мурда Ботсвана менен Түштүк Африка Республикасынан табылган. Окумуштуулардын айтымында, анын S-белогунда ондогон мутация бар. Адистердин божомолу боюнча, штамм иммунитети начар адамдын организминде (ВИЧ менен ооруган) өнүккөн.
Булак: NazarNews.kg