www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкө башчы Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык биримдиктин Жогорку евразиялык экономикалык кеңешине төрагалык кылуу Кыргызстанга өткөндүгүнө байланыштуу биримдикке мүчө мамлекеттердин башчыларына кайрылуу жасады. Анын тексти президенттин сайтында жарыяланды.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстан Жогорку евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөт аралык кеңешке жана Евразиялык экономикалык комиссиянын (ЕЭК) кеңешине төрагалык кылат.
Кайрылууда президент келишимде бекитилген "төрт эркиндик" принцибин камсыз кылуу керектигин белгилеген.
Мындан сырткары, Жапаров Евразиялык экономикалык биримдиктин сот тармагына тиешелүү статус жана комиссиянын коллегиясына кошумча ыйгарым укуктарды берүү сыяктуу бир топ сунуштарды берген.
Ошондой эле, ЕАЭБдин жаштар форумун түзүү жана аны жыл сайын өткөрүү сунуштала турганын айткан. Ал 2022-жылы Евразия экономикалык комиссиясынын ишин баштаганына 10 жыл толгонун, бул бирикменин өзүн жана идеяларын жайылтууга түрткү болгон маанилүү окуя экенин белгилеген. Буга байланыштуу бардык мүчө мамлекеттерде ири маалыматтык кампанияларды жана иш-чараларды өткөрүү сунушталып жатат.
Президент Кыргызстан биримдиктин идеяларын, максаттарын жана принциптерин сактоо менен мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты ишке ашыруу үчүн бардык аракетин жумшай турганын да белгилеген.
Жапаровдун кайрылуусунун толук тексти менен президенттин расмий сайтынан таанышууга болот.
Булак: NazarNews.kg