www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Борбордук Азия өлкөлөрү Казакстандагы акыркы кандуу окуялардын кийин дүйнөлүк масштабда геосаясат «оюндарынын» чордонуна айлана баштады», - деди бүгүн, 12-январда NazarNews маалымат агенттигине профессор Каныбек Осмоналиев.
- Каныбек агай, президенттин кыска убакытка эмгек өргүүгө чыгып, ЖККУнун кезексиз жыйынына катышпай койгону туура болду деп жатышат го. Бул боюнча кандай ойдосуз?
- Президенттин бул кадамы эң туура болду. Менимче, азыр Борбордук Азия өлкөлөрү Казакстандагы акыркы кандуу окуялардын кийин дүйнөлүк масштабда геосаясат «оюндарынын» чордонуна айлана баштады.
Ар бир өлкө өзүнүн коопсуздугу үчүн күрөшө баштады. Мурдагы союздар дагы өзгөрүп кетүүлөрү мүмкүн. Ошондуктан биздин президенттин алдында эбегейсиз чоң жоопкерчилик пайда болду. Бизди мындай учурда бекем ынтымак, кажыбас кайрат жана монолиттүү бекемдик гана сактап калат.
Президенттин ар бир аракети колдоого алынып туруусу абзел! Азыр ары-бери тартышып, курулай сөздөргө алаксуу доору өттү. Алдыбызда улуу чакырыктар пайда болуп жатат. Мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калуу милдети өтө курч фазага кирди десек болот!
Булак: NazarNews.kg