www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Джо Байден Трамптын TikTok менен WeChatˈка тыюу салган  жарлыгын жокко чыгарды. Бул тууралуу чнт элдик басылмалар жазып чыкты. 

Дональд Трамп эки социалдык тармакка тыюу салган жарлыгын 2020-жылдын 6-августунда чыгарган. Ошондой эле 2021-жылдын 5-январында Кытайдын интернет тиркемелерине чектөө киргизген жарлык кабыл алган.

Джо Байден бул жарлыктар күчүн жоготконун маалымдады.

АКШнын азыркы бийлиги Кытайда иштелип чыккан тиркемелер боюнча коопсуздук тармагындагы тобокелдиктерди баалоо үчүн өзүнүн талдоосун жүргүзүүгө ниеттенүүдө. Ага байланыштуу АКШнын Соода министрлиги Кытайда иштелип чыккан тиркемелер менен байланышкан транзакциялар тууралуу маалыматтарды изилдеп чыгат. Андан соң министрлик америкалыктардын жеке маалыматтарын мындан ары кантип коргоо тууралуу сунушун бериши керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости