www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Балтада саламаттыкты сактоо мекемесинин имараты муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, прокуратура тарабынан Жайыл районунун бириккен аймактык ооруканасына караштуу баасы 2 млн 190 миң сом болгон имаратын жеке тарапка мыйзамсыз өткөрүп берүү фактысы аныкталды.

Прокурордук текшерүү учурунда, Кара-Балта шаардык мэриясынын чечими менен Р.А. аттуу жаранга жалпы аянты 224,20 чарчы метрди түзгөн аталган райондун бириккен аймактык ооруканасынын стерилизациялык бөлүмүнүн имараты мыйзамсыз түрдө жеке менчикке берилгендиги такталды.

Соттук кароонун жыйынтыгы менен мэриянын чечимин жараксыз деп табуу жөнүндөгү прокуратуранын доо арызы толугу менен канааттандырылды.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде жогорудагы оорукананын имараты муниципалитеттин балансына кабыл алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости