www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев Бишкектин вице-мэр Жамалбек Ырсалиевди сындады.
Депутат "Коопсуз шаарда" Бишкек шаарынын мэриясынын миссиясы эмне?" деп сурады.
Вице-мэр Жамалбек Ырсалиев: "Биздин негизги миссиябыз жол чийиндерин чийип беребиз, мамыларга коюуга уруксат беребиз. Ижара акысы бизге төлөнөт. Жалпы жонунан айып пулдан түшкөн каражаттын 25 пайызы мэриянын бюджетине түшөт", - деди.
Жээнчороев: "Канча чарчы, орун берилди. Ижарага канчадан берилди", - деп сурады.
Ырсалиев "Вега" компаниясына 38 даана берилгенин айтты.
Депутат: "Мен мэриядан так маалымат алгам, сизде маалымат жок экен, даярданып келишиңиз керек болчу. Бул Фейсбукта ар нерсе жазуу эмес да. Туура эмес иштерди көрсөтүү үчүн сизди чакырып, бир ай күттүм, келген жоксуз. Фейсбуктан бошобой койдуңуз. Өзүңүздүн жумушуңузга жоопкерчиликтүү мамиле жасаңыз", - деди.
Булак: NazarNews.kg