www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК: Кароосуз калган үйдөн курал-жарактар табылды

Чүй облусунун Панфилов районундагы кароосуз калган үйдөн курал-жарактар табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-июнда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун ишине бөгөт коюу, курал-жарак жана ок-дарылардын мыйзамсыз жүгүртүү фактыларын аныктоо боюнча ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында Панфилов районунун аймагынан курал-жарак жана ок-дарылар сакталган жер табылды.

Такталгандай, кароосуз калган үйдө жайгашкан жашыруун жерден 9 мм “Макарова” таманчасынын магазини 10 огу менен, чет өлкөдө чыгарылган белгисиз 8 мм тапанча, 1 даана кесилген мылтык, 2 даана мергенчи куралы, 12 жана 16 калибр менен 2 сылмакай курал 8 огу менен, 1 даана реактивдүү сигнал чыгаргыч, 1 даана мергенчи бычагы, 1 даана кара түстөгү беткап табылды.

Учурда тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости