www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-январда Вашингтон шаарында АКШнын жаңы шайланган президенти Джо Байдендин инаугурациясы болот. Учурда Вашингтон шаары инаугурацияга кызуу даярданып, ошол эле учурда коопсуздук чараларын күчөттү.

Инаугурация Бишкек убактысы боюнча канчада башталат? Жергиликтүү убакыт оюнча саат 08:45те (Бишкек убактысы боюнча 19:45), Байден жубайы Жилл, жаңы шайланган вице-президент Камала Харрис жана анын күйөөсүнүн коштоосунда Вашингтондогу ыйык Матфея чиркөөсүндөгү салтанатка катышат;

Саат 10:30да (Бишкек - 21:30) Байден жана Харрис Вашингтондогу Капитолийге келишет. Ал жерде Харрис саат 11:15те ант берет;

Саат 12:00дө (Бишкек - 23:00) инаугурация аземинин алкагында Байден өзү ант берип, программалык кайрылуу жасайт;

Саат 13:40та (Бишкек - 00:40), Байден жана вице-президент Харрис чакан аскердик парадды көрүшөт;

Саат 14:25те (Бишкек - 01:25) Байден Арлингтон көрүстөнүндөгү белгисиз жоокердин мүрзөсүнө гүлчамбар коёт;

Саат 15:15те (Бишкек - 02:15), аскердик салтанат менен Байден Ак үйгө чейин барат;

Саат 17:15те (Бишкек - 04:15) Байден бир катар аткаруучу буйруктарга кол коюп, жарым сааттан кийин дайындалган адамдарга ант берет;

Саат 20:48де (Бишкек - 07:48) Байден аялы жана Харрис күйөөсү менен майрамдык программага катышып, сөз сүйлөйт. Ал эми саат 21:55те (Бишкек - 08:55) Ак үйдүн балконуна эки үй-бүлө чогуу чыгышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости