www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамп жаңы саясий партия түзүүнү ойлоп жатат. Бул тууралуу Wall Street Journal басылмасы жазды.

Анын бул маселени жардамчылары жана башка ишенимдүү адамдары менен талкуулаганы көрсөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, жаңы партия түзүү олуттуу инвестицияларды талап кылат. Ошол эле учурда Трамптын колдоочулары көп, алардын айрымдары ал бийликке келгенге чейин Республикалык партиянын саясатына аралашкан эмес.

Белгилей кетсек, буга чейин Трамп жаңы мамлекет башчысы Жо Байдендин инаугурациясынан кийин Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясына көчүүнү пландап жатканы кабарланган. Ошол эле учурда, президент кызмат мөөнөтү аяктагандан кийин дагы Ак Үйдүн айрым кызматкерлерин өзүнүн баш ийүүсүндө калтыруу ниетинде. Трамптын Флоридадагы коңшулары Мар-а-Лагого туруктуу жашоо үчүн көчүп баруусуна каршы болуп, буга жол бербөөгө аракет кылып жатканы белгиленди.

Эскерте кетсек, Байдендин инаугурациясы 20-январда түштөн кийин (Бишкек убактысы боюнча 21:30) белгиленди.

Тактап айтканда, иш-чарага вице-президент Майк Пенс чакырылган. Ошол эле учурда, Байден Трамптын иш-чарага катышпоо чечимин ал өзү айткандай жакшы деп атады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости