www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурда маалымдалгандай, АКШнын шайланган президенти Джо Байдендин инаугурациясы бүгүн, 20-январда болуп өттү. Буга байланыштуу Вашингтондогу Конгресстин имаратынын алдына АКШнын 200 миң желеги орнотулду. Белгиленгендей, бул көрүнүш иш-чарага коронавирус пандемиясынын айынан жеке катыша албаган жарандарды билдирет.

Басылманын маалыматына караганда, 18-январь күнү кечинде Байдендин инаугурация комитети "Туу аянтын" 56 жарык менен жарыктандырды. Бул АКШнын 50 штатын жана ар бир регионун билдирет.

Пандемияга байланыштуу, Джо Байдендин АКШнын 46-президенти катары ант берүүсү мурунку инаугурациялардан айырмаланып, "өтө тынч" өтөт деп айтылууда.

Маалымат булагынын айтымында, учурда АКШнын борбор шаары өтө тынч. Байдендин инаугурациясына он миңдеген коопсуздук кызматкерлери менен жарандардын ордуна жүз миңдеген желектер катышты.

Маалымат үчүн, АКШда президенттик шайлоо 2020-жылы 3-ноябрда өткөн. Президенттикке негизги атаандаштар демократ Джо Байден жана учурдагы лидер, республикачы Дональд Трамп болду. Коомчулуктун жана шайлоочулардын активдүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча Байден шайлоодо жеңишке жетишти. Трамп бүгүнкү иш-чарага катышпай Флоридага чыгып кетти.

 https://cdn.beta.qalampir.uz/uploads/MM/m_vPc7QCYw25k1By7W0syZTUAOrXqpM2.jpg

https://cdn.beta.qalampir.uz/uploads/uc/m_iLx0RJvkywecwN3AlVctBkVCgPTkRE.jpg

https://cdn.beta.qalampir.uz/uploads/Ye/m_qK0RM4R9I6P42l87m13hEZoyTMOctm.jpg

https://cdn.beta.qalampir.uz/uploads/ls/m_4DbLCGBLjCSIuW3JphIYx8Dyf7BiIm.jpg

https://cdn.beta.qalampir.uz/uploads/3C/m_Z2m7ZwkQW4cJu3eITzEqYrh2dbb6BU.jpg

https://cdn.beta.qalampir.uz/uploads/Em/m_lnWRou4UrSEG5HZNipHFPp09gaGi1K.jpg

https://cdn.beta.qalampir.uz/uploads/E2/m_oC9mhFFmEXjSVDVdiHtDE8LN7lM1HR.jpg

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости