www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия АКШнын жаңы президенти Джозеф Байдендин инаугурациясына эч кандай даярданбайт, бирок Вашингтон менен мамилеси жакшырат деп үмүттөнөт. Бул тууралуу Россиянын Президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирди.

"Кремль инаугурацияга даярданбай жатат, Россия үчүн эч нерсе өзгөрбөйт (Байден президент болгондон кийин). "Россия жүздөгөн жылдар боюАКШ менен мамиле кылып келгендей, алака улантыла берет", -деди Песков.

Ал буга чейин Путин Байденди АКШнын президенти болуп шайланышы менен куттуктаганын кошумчалады. АКШнын шайланган президенти Джозеф Байдендин инаугурациясы бүгүн, 20-январда Капитолий линиясында болуп өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости