www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир жуманын ичинде дүйнө жүзү боюнча коронавирустан 93 миңден ашуун адам каза болду. Бул пандемия башталгандан берки эң жогорку көрсөткүч, деп айтылат Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсүндө.

Ошондой эле, жети күндө 4,7 миллион адам COVID-19 оорусун жуктуруп, өткөн жумага салыштырмалуу 6 пайызга төмөндөгөн.

ДССУнун маалыматы боюнча, Африка, Чыгыш Жер Ортолук деңиз жана Батыш Тынч океанында оору көбөйүп, Америка, Европа жана Түштүк-Чыгыш Азияда азайган. АКШда бир жумада бейтаптардын саны 1,5 миллионго көбөйгөн.

Андан кийинки орунда Бразилия (379 миңден ашык жаңы учур) жана Улуу Британия (339 миңден ашык) турат. Дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 96 миллион 722 миң 774 адамды түзөт. Анын ичинен 2 миллион 68 миң 154 адам вирустун курмандыгы болгон.

Рушана Султонова, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости