www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул тапта Вашингтондо АКШнын шайланган президенти Джо Байден менен вице-президент Камола Харристин инаугурациясы өтүп жатат. Салтанатта алгач шайланган вице-президент Камола Харрис ант берип, расмий түрдө кызматына киришти. Ал АКШнын тарыхындагы биринчи аял вице-президент болуп калды.

Харристен кийин Джозеф Байден АКШнын президенти болуп ант берди. Байден расмий түрдө АКШнын 46-президенти болуп калды.

Шайлоодо жеңилген Дональд Трамптын тарапкерлеринин 6-январдагы Капитолийдеги башаламандыктан улам олуттуу коопсуздук чараларын көрүлдү. Вашингтонго 25 миң аскер алынып келинди.

Дональд Трамп өзү инаугурация аземине катышкан жок. Ал салтанатка бир нече саат калганда Вашингтондон чыгып кетти.

Демократ, мурунку вице-президент,  Жо Байден АКШнын 46-президенти болду.  Ал 78 жашында  Ак үйдү үчүнчү жолу колго алып, тарыхтагы эң кары мамлекет башчысы бойдон калууда.

Суннатилла Абдуллаев, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости