www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ президенти Джо Байдендин рейтинги төмөндөп баратат. Бул тууралуу USA Today гезити 3-5-ноябрь аралыгында Саффолк университети менен биргеликте жүргүзгөн сурамжылоонун маалыматтарына таянып билдирди.

Иликтөөлөргө ылайык, америкалык лидердин рейтинги 38 пайызга түшүп, мурда бул көрсөткүч 40 пайызда сакталып келген. Респонденттердин 46 пайызы Байден күтүлгөндөн да начар иштеп жатканын айтышкан.

Ошондой эле сурамжылоого катышкандардын 64 пайызы, анын ичинде демократтардын 28 пайызы азыркы мамлекет башчысынын 2024-жылы кайра шайлоого барышын каалабай турганын айтышкан.

Эске салсак, буга чейин Байден өзүнүн рейтингинин рекорддук төмөндөшүнө комментарий берген. Ал социалдык сурамжылоонун жыйынтыгына көңүл бурбай, коомдук жактырууга муктаж эмес экенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости