www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик шайлоого 20дан ашык журналист ат салышууда

Кыргызстанда 20дан ашык журналист Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары шайлоого катышууга арызын тапшырды. Талапкерлердин маалыматтары БШКнын сайтында.

ММК кызматкерлеринин айрымдары саясий партиялардан ат салышса, айрымдары бир мандаттуу округдар боюнча өзүн өзү көрсөткөнү такталган. Алардын арасында иликтөөчү журналисттер жана өздөрүнүн блог каналдарынын авторлору бар.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын даттануулары боюнча комиссия шайлоого катышып жаткан журналисттерге кайрылып, талапкерлерди депутаттык мандат үчүн ат салышууга ниетин ачык билдирүүгө чакырды.

Кыргыз Республикасынын журналисттеринин этикалык кодексинин 5-беренесине ылайык, “журналист ар кандай партияга мүчө болбоого, саясий ишмердүүлүккө, мамлекеттик кызматта же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштөөдөн алыс болууга тийиш”. Болбосо бул тууралуу коомчулукка маалымат бериши керек.

Эске сала кетсек, шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бирдиктүү шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча мажоритардык система боюнча шайланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости