www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жашыруун чыгып кеткен маалыматтарды чалгындоо жана даркнетте мониторинг кылган DLBI сервисинин негиздөөчүсү Ашот Оганесян "Прайм" агенттигине веб-камералар адамды аңдыш үчүн колдонулуп жатканын кантип билсе болорун айтып берген. 

Адис төмөндөгү белгилерди эскерткен:

эгер күмөн жараткан компьютердин системасынын орнотулган операциялык каражаттар жөнүндө болсо, камеранын индикатору күйүп калат;

телефондо же компьютерде кандайдыр бир хакердик программа орнотулса, программа же процессор камера же микрофонду колдонууга уруксат сураганга аракет кылат;

тиркемелердин туруксуз иштеши, Skype, Zoom жана башка мессенжерлердин камераларынын ишинде кээде мүчүлүштүктөр жаралат;

телефондогу маалымат алмашуунун көрсөткүчү кескин жогорулайт. Ошондой эле ал хакерлер бирөөнүн техникасынын камераларын "өз колуна" алуу үчүн өзүнүн программасын орноштуруш керек же телефон, компьютердин видео мүмкүнчүлүктөрүн алыстан башкарышы керек.

"Ошондуктан программаларды каяктан, эмнени орнотуп жатканын көзөмөлдөп туруу керек. Белгисиз сайттан, түшүнүксүз булактардын программасын, антивирустарын колдонуудан оолак болгондон өтөрү жок. Эгер тигил же бул программанын иштешине камеранын кереги жок болсо, аны башкарууга уруксат бербеш керек", — деди адис.

Ошондой эле ал акыркы версиядагы операциялык системаларды колдонууну сунуштайт. Адис эгер телефондун же компьютердин камерасы жана микрофону башка багытта колдонулуп жатат деп күмөн санасаңыз, шектүү программаларды өчүрүп, объективдин көзүн жаап салуу керектигин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости