www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маалыматка ылайык, жарылуу болгон жерден эки газ баллонду алып чыгышкан, уранды алдында дагы экөө жатат. Талкаланган имараттын аянты 100 чарчы метрди түзөт. Адамдар жаракат алган жок.

"Шеркала" комплексинин ээси бардык кызматкерлер саат 20:00гө чейин чыгып кеткенин тастыктады. Андыктан жарылуу учурунда ичинде эч ким болгон эмес. Авариялык-куткаруу иштерине Өзгөчө кырдаалдар департаментинен 70 кызматкер, 11 техника, 150 полиция кызматкери, жарандык инженердик кызматтардын 20 техникасы тартылды", — деп айтылат маалыматта.

Жарылган кафенин жанында болжол менен 11 автоунаа болгон. Алардын баарына чачыранды тийип талкаланган.

Белгилей кетсек, 7-ноябрда Актау шаарындагы "Аянат" кафеси жарылып, имарат толугу менен урап түшкөн. Кафе эки кабаттуу "Шеркала" комплексинде жайгашкан. Анын ичинде кийимдер дүкөнү, автоунаа тетиктери, ресторан, сауна, унаа оңдоочу жай жана кампа жайгашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости