www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоо калыс өтөт деп бийлик элди үмтөттүрүп койгон. Бирок кээ бир жерде эски трайбалисттер бийликтин айткандарына кулак салып да койгон жок. Бүгүнкү күндө Баткен облусун алаканга салып тейлеп турган парламенттин экс-депутаты Арзыбек Бурканов.

Баткенге губернатор болгон Буркановдун көздөй өкүл баласы Жаныбек Жалалов. Бул учурунда Баткенге губернатор болуп туруп наркотрафик менен контрабанда жолун бууп салганга «духу» жеткен эмес.

Бирок, Буркановдун чоң жөлөгү менен президенттик аппараттын аймактар менен иштөө бөлүмүн тейлеп жүрөт. Жөн жүрбөй бул мансапка колу жетер менен бир тууган күйөө баласы милицияда иштеген Акылбек Абдырахмановду олчойгон май талкандуу калкты тейлөө борборуна (ЦОН - центр обслуживание население) ачендик кылып кайсаңдатып койду.

Бул кайсаңдагандан да кайсаганды жакшы көрөт экен, энелеш бир тууганы Дарыйка Калыкованы Кара-Булак айыл өкмөтүнө төрайым кылганы аз келгенсип, эми «Ишеним» партиясынан депутаттыкка талапкер кылууда.

Мындан үч жыл мурун Баткенде болуп көрбөгөндөй сенсациялуу өлүм болгон. Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун зордук-зомбулук менен атып өлтүрүлүп, андан соң өрттөлгөн кара күйүк жансыз денеси Төрт-Күл суу сактагычынан табылган.

Көп өтпөй ушунчалык мыкаачылык менен өлтүргөн киши өлтүргүч изделип жүрүп милиция кызматкерлеринин каармандыгы менен колго түшөт, ал Дарыйка Калыкованын бир тууганы Мелис Калыков болуп чыккан. Ушундай мыкаачы менен бир үйдө өсүп чоңойгон Дарыйка Калыкова бүгүн «Ишеним» партиясынын ишенген адамы катары Жогорку Кеңешке депутаттыкка аттанды.

Депутат кимдер болбоду «чимкириктер» болду, «кошелоктор» болду, эми киши өлтүргүчтөр менен бирге тарбиялангандар болушабы? СССР учурунда мындай адамдарды депутаттыкка эмес, көп жумуштарга анкета менен чектеп койчу.

Себеби киши өлтүргүч мыкаачылар жөн үй-бүлөдөн чыкпайт. Мейли кишини байкабай өлтүрүп алсын же башка себеп менен көзүн тазаласын, бирок зордук-зомбулук менен кыйнап өлтүргөнү аз келгенсип, өрттөп салганга кимдин колу даайт?

Эми болсо ушулар менен бир чөйрөдө чоңоюп өскөндөр трайбализм сезимине батышып, тааныштыгына салып депутат болобуз дешип жулунуп турат. Киши өлтүргүчтөр чөйрөсү таза депутат болот деп ким ишенет, «Ишенимби»?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости