www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгы менен улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү жана Улуттук адабият күнүнө карата «Алтын калем» аттуу республикалык сынак жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Чыгармалар 20-ноябрга чейин кабыл алынат. Комиссия аларды 10-декабрга чейин окуп чыгып, баалайт. Ал эми жеңүүчүлөр 12-декабрда опера жана балет театрында сыйланат.

Катышуучулардын жаш курагы чектелбейт, чыгармалар кыргыз тилинде болушу керек.

Сынакка катышкан чыгармаларды каттоого коюлган талаптар:

Поэзия — ырлар жана поэмалар. Көлөмүнө жана тематикасына чектөө коюлбайт;

Проза — аңгеме, повесть жана роман. Көлөмүнө жана тематикасына чектөө жок;

Драматургия — пьеса, драма. Көлөмүнө жана тематикасына чектөө коюлбайт.

Ал эми эң мыктыларга акчалай сыйлык берилет.

Эң мыкты поэзия — 100 миң сом;

Эң мыкты проза — 100 миң сом;

Эң мыкты драматургия — 100 миң сом.

Чыгармалардын электрондук вариантын [email protected] дарегине жиберүү керек. Кагазга түшүрүлгөн варианттарды Улуттук жазуучулар союзунун кеңсесине алып келүүгө болот.

Сынак тууралуу кенен маалыматты министрлик тараткан маалыматтан алууга болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости