www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинада соңку бир сутка ичинде 27 399 адам коронавирусту жугузуп алды. Бул пандемия башталгандан берки өлкөдөгү эң жогорку көрсөткүч.

Инфекцияны жугузуп алгандардын буга чейинки бир күндүк эң жогорку саны 29-октябрда катталган. Анда 26 870 киши илдетке чалдыкканы ырасталган. Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги 4-ноябрда билдиргендей, акыркы 24 сааттын ичинде 699 бейтап COVID-19дан көз жумду.

40 миллиондой калкы бар Украинада коронавирустун курмандыктарынын жалпы расмий саны 70 миңден ашты. Пандемия башталгандан бери 3 миллион киши вирусту жугузуп алды.

Адистер Европадагы эң жакыр өлкөлөрдүн биринде коронавирустун "дельта" варианты жайылып, эмдөө солгун жүрүп жатканын айтышууда. Мындан улам баш калаа Киевде 1-ноябрдан тарта жаңы эрежелер ишке кирди. Ага ылайык, шаардын тургундары ресторан-кафелерге, спорт залдарына жана соода түйүндөрүнө кирүү үчүн коронавируска каршы эмделгенин же тесттен өткөнүн күбөлөгөн сертификаттарды көрсөтүшү кажет. Бирок мындай эрежелер 3-ноябрда Киевде нааразылык акциясын жаратты.

Украинада калктын 17% же 7,6 миллион адам гана коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости