www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Байкап сүйлөгөн балээден алыс болот

“Жакшылардын сөздөрү май сепкендей, жамандардын сөздөрү тай тепкендей” дегендей,  акыркы кездерде калп айткан менен болобу, газета бетине ойго келбеген сөздөр жазылып кетип жатканы көпчүлүктү түйшөлтүп келет.

Ооба, ар бир сөз албетте далил менен жазылганы туура, бирок өтө эле көркөмдөйм деп ашыкча сөздөрдү колдонуп жибергендер жок эмес. Анткени ооздон чыккан ар бир айтылган сөз да жөн жерден чыкпайт эмеспи.

Мени ойго салган өткөн жылдын аягында “Майдан” газетасына жазылып чыккан макала болду. Ооба, жазганды билем деп эле оозуна алы келбеген, сөздү ылгабай жазган бул жаман жорук экени баарына маалым. Андыктан сөзгө дагы аяр мамиле жасаганга не жетсин. Анткени көпчүлүк окуган газетага адамдын абийирине шек келтирген сөздөр менен анын үй-бүлөсүн жана туугандарын, жакын адамдарын эске албай басынтып жазган – бул калыс алып караган кишиге туура эмес деп айтат элем. Көпчүлүк болгондон кийин ар ким ар кандай кабыл алат да. Бир гана өзүнүкүн туура дебей, жалпы журттун дагы ою менен эсептешкен бул жакшы сапат. Ооба, саясатчы жана элге таанымал адам болуш да өзүнчө бир чоң милдет. Анткени алар көпчүлүктүн көз алдында. Бирок ошондо да журналисттер алар жөнүндө жазат деген ушул деп эле жаза бербей, байкап жазышса болот эле.

Айткандай, мен билгенден, жыйырма жылдан ашык убакыттан бери айтылуу укук коргоочу Турсунбек Акунга тийишпеген киши деле калбай калды. Кээ бир басылмалар Турсунбек Акунга тийишмейин газеталарын чыгара алышпайбы деген да ой пайда болот. Ооба, айтылган кеп бар, “ким баатыр дегендей колунда күчү бар адам эмес, сөз көтөрө алган адам баатыр” деген. Анын сыңары, эмне болсо эле Турсунбек Акунду бетке кармамайын иш бүтпөй калганбы? Акаевди кууган кезде башына таш тийди, кан күйгөн согуштун чок ортосуна чейин барды, биринчилерден болуп качкын ажобуз Акаевге “Сиз элди башкара албай калдыңыз, кетишиңиз керек” – деп бетине айтты. Батукаевди качырганда да күнөөнү Турсунбек Акунга жүктөй салышып аны иштен алып тынып, өздөрү апакай бойдон калышты. Бирок дале болсо ал кишинин эмгеги баалана элек. Андан дагы жашы-карысы дебей  журналисттер асылып, сөз менен токмоктоп эле келе жатышат. Деги эле Турсунбек Акундун нерви абдан бекем экенин ушундан улам билсек болот, ал киши көргөн жана уккан нерсени эч ким көрө элек.

Жакында эле “Майдан” газетасына Турсунбек Акундун аброюна шек келитирип “сайпана” деп жазып чыгышты. Ушул эми туурабы? Мындай ачуу сөздү ким жазса да абдан пастыкка барганы билинип турат жана газетанын редактору да ойлонуп, ачуу жазылган сөздөрдү алып койсо болмок. Ошол сөздү да Турсунбек Акун көтөрүп, жазган кишинин абийирине койду. Негизи эле “сайпана” деп кандай кишини айтабыз? Аял эмес же эркек эмес, улутун саткан саткын кишини айтат. Эч кимге мындай ачуу сөздү жабыштырып бир да газета жазган эмес чыгар. Эгер Турсунбек Акундан башка киши болгондо, газетаны сотко берем деп чыгат беле ким билет?

Бул жерден газета ошол сөздү жазганы үчүн өзүнө эч кандай упай топтой алган жок, кайра өздөрүнүн авторитетине доо кетирип алды деп айтсак туура болчудай.

Андан дагы ушул эле газета Сайдулла Нышановду “саясий сойку” деп, андан дагы кулак уккандан уяла турган сөздөрдү жазып чыкты. Бул сөз менен газета өз аброюн кетирди. Ансыз деле газета окулбай бара жатканда, ашыкча сөздөр окурмандын табитин кетирди жана  окуган ар бир адам иренжип калды да. Баарынан дагы Сайдулла мырзанын туугандары, балдары, тааныштары дагы кыжырланса керек.

Албетте жазсын, бирок арыдан-бери жымсалдап жазышса, анда түшүнсөк болот эле. Адам укугу деген бар. Адамды басынткан бул абдан жаман сапат. Колумда калемим бар деп эле ойго келбеген сөздөрдү ылгабай, шалпылдатып эле жаза берген сапаттан алыс болгонго не жетсин.

“Сөз куш эмес, ооздон чыкса карматпайт” дегендей, тилге эле эмес, жазган адам ар бир сөзгө маани берип, эл кандай кабыл алат ошол жагына карап, аяр мамиле жасоо жөндүү болуп турат. Ансыз деле азыр көпчүлүк газета-журнал окубай, телефондун курмандыгына айланып бара жатканда, газетага мээде кала турган жагымдуу сөздөрдү жазып, элди кайра газета окуганга чакыруу керек болуп турган кез. Мен бул жерден бир эле “майдан” газетасынын журналисттерине эмес, деги эле жазып жүргөн адамдарга эскертким келди, жагымдуу сөздөр менен деле сын айтса болоорун. Ашыкча кетсем алдын-ала кечирим сурайм, бирок арыдан-бери бололу деген эле кеп.

Бердикожо Бийназаров

Булак: "Фабула" 

Последние новости