www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Якутияда 19 жаштагы кызды зордуктоо боюнча иш тергелүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча Якутия областынын 25 жаштагы тургуну сексуалдык мүнөздөгү зордукчул аракеттерге барган. Кюндюл Улахаев узак убакыттан бери жин ооруусун чыгарып иштеп келген. 31-август күнү ага 32 жаштагы Болуодьа Дондоков денесинен жин оорусун чыгарып берүү өтүнүчү менен кайрылган.Кюндул Улахаев болсо байкушка жардам берүүгө макулдугун берип, акысына 5000 рубль акча сураган.

Ырым-жырым Якутия областынын бир айылында жасалат. Аягында шаман кардарына анын үй-бүлөсүн байырлаган жин-шайтандар бөтөндү жолотпой жатышканын, “арбактар дүйнөсүнө” толук кирүү үчүн ага дондоковдордун уруусундагы бирөө-жарым менен жуурулушуусу зарыл экенин айткан. Жаш жигиттин сөзүнө терең ишенген Дондоков талапкер катары ага өзүнүн карындашын сунуштайт.

19 жаштагы Диана Дондокова өз агасынын мындай кордогон суранычына шок болуп, көндүрүүлөргө карабай шаман менен секске баруудан баш тарткан. Башка түзүк айла таппаган агасы карындашын байлап-матап шаманга алып барат. Терең транска кирген Кюндюл Диананы зордуктап салган. Зордуктоо бүт бойдон барабандардын кагылышы жана шамандын жардамчыларынын мантра окуусу менен коштолгон. Ырым-жырымдан кийин кыз укук коргоо органдарына кайрылган.

Кийинки күнү Кюндюл Улахаев менен Болуодьа Дондоков полиция тарабынан кармалышты. Кюндюл кызды ал эмес, транс маалында анын денесин башкарган жин-шайтандар зордукташканын айтат.

Булак: NazarNews.kg   

Последние новости