www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында 12-июлга чейин кармалмай болду. Бөгөт чарасы тууралуу маселе бүгүн каралганын райондук сот кабарлады.

Черногубова Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде жүрүп жаткан сотко чейинки териштирүүнүн алкагында шектүү катары кармалган.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, сотко чейинки териштирүү быйыл 7-апрелде башталган. Черногубованы 12-майда Аскер прокуратурасы менен УКМКнын биргелешкен мекеме аралык тергөө тобу кармаган.

Ал «уюк байланыш операторлорунун бири жана Технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп алып байланыш операторунун лицензиясын стандарттарды өзгөртүү менен мыйзамдарды бузуп кайра каттаган» деп шек саналууда.

Кылмышка шектүү тарап азырынча комментарий же башка маалымат бере элек.

Булак: NazarNews.org

Последние новости