www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустун төртүнчү толкуну март айына барып токтойт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Коронавирусту ооздуктоо боюнча республикалык штабдын жетекчиси Эдил Байсалов парламентте билдирди.

Өкмөт мүчөлөрү учурда депутаттарга өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал тууралуу маалымат берип жатат.

"Ооруканага жатууга муктаждардын жана катуу ооругандарды эмки жумадан кийин көрө баштайбыз. Бишкек, Ош шаарларында жуктургандар өсүп жатат. Эгер көбөйүп кетсе ооруканаларга кабыл ала алабызбы, күчүбүз жетпей калбайбы деген коркунуч турат. Биз азыр толкундун жогорку чегине чыктык. Илдет март айынын башы, орто ченине чейин уланат. Ошону менен коронавирустан арылабыз деген үмүт бар", — деди Байсалов.

Ошондой эле ал "омикрон" штаммы табигый вакцинация болорун айтты.

"Көп жерде "омикрон" штаммы келгени табигый вакцинация болору айтылып жатат. Баарыбыз ооруп чыксак, бири-бирибизди кыйнап ийне сайдыруу деген болбой калат. Ошону менен жамааттык иммунитет пайда болушуна шарт түзүлөт деп үмүттөнүп жатабыз", — деди аткаминер.

Ал эми саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирустун төртүнчү толкуну 15 күн мурун башталганын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости