www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустун "омикрон" штаммынын биринчи эле белгилери байкалса, антибиотикти такыр жолотпош керектигин дарыгер Андрей Тяжельников РИА Новости агенттигине айтып берген.

"Омикрондун" негизги белгилери — булчуң, сөөк, баш жана тамак ооруйт, эт ысыйт, кургак жөтөл коштоп, мурун бүтөт. Бул жаңы штаммдын өзгөчөлүгү - кадимки сасык тумоого окшош өтүп жатканы", — деп түшүндүргөн Тяжельников.

Биринчи иретте эшикке чыкпай, обочолонуу керектигин, ал эми дарыланууну үйдө бар дарылар менен баштоону айтып берген.

Дарыгер эгерде эт ысып, 38 градустан өйдө көтөрүлсө гана аны түшүрө турган препаратты ичүүнү эскерткен. Мындан сырткары, тамак менен мурунду туздуу суу менен чайкоо зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости