www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
17-январда Түркстан облусундагы "Жибек Жолы" көзөмөл-өткөрмө бекетинде кармалган далысында октон жаракат алган жигит Өзбекстандын жараны эмес. Бул тууралуу 18-январда Өзбекстан Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.
Билдирүүдө Өзбекстандын Алматыдагы Башкы консулдугу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинен маалымат алганы жана кармалган киши өзбек жараны эмес экени айтылат.
Буга чейин Казакстандын чек арачылары өзбек-казак чек арасындагы "Жибек жолы" бекетинен октон жаракат алган өзбек жаранын кармашканы кабарланган.
"Түркстан облусундагы "Жибек жолы" чек ара бекетинен Өзбекстанга өтүүгө аракет кылган 29 жаштагы өзбек жараны кармалды. Анын телефонунан Чымкенттеги башаламандыктар учуру тартылган видеоматериалдар табылды. Мындан тышкары анын далысында болжол менен желим октон алган жарааты бар. Кармалган адам жергиликтүү полиция бөлүмүнө өткөрүлүп берилди", — деп жазылган Казакстан Улуттук коопсуздук комитетинин билдирүүсүндө.
Булак: NazarNews.kg