www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эдил Байсалов деген активист бар. Кээ бир адамдар анын сүйлөгөн сөзүн, көтөргөн маселесин угуп, бул бала кайдан чыккан деген ойго жетелениши мүмкүн. Бирок, президенттин “Эдичкасына” айланган жигит, айткандарын документ менен далилдеп, азыркылардын чекесине чыккан чыйкан болду.

Ажонун тээ илгери Түркиядагы 35 млн долларга сатып жиберген деген фабрикасын иликтеп, андай эмес экенин далилдеп чыккан Байсаловго жетинчи кабат катуу кыжырланып калса керек. Анын туугандарын, коңшуларын кысымга алып, Байсаловду байлай албай убарага түшүп жатыптыр. Бир тууган агасынын ишине чейин аралашып, текшерүү жүргүзгөнү аз келгенсип, кечээ күнү суракка чакырыптыр.

Мыйзамды сыйлаган өлкөбүз деп кагазга жазып алганыбыз эле болбосо, иш жүзүндө жунглинин мыйзамы өкүм сүргөн өлкөгө айланып бараткандайбыз.

Булак:"Жаңы ОРДО"

Последние новости