www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы Галина Байтерек эмгек мигранттарынын Садыр Жапаровго мигранттардын балдарын медициналык камсыздоо көйгөйлөрү боюнча кайрылуусуна комментарий берди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Садыр Жапаров шайлоо өнөктүгү маалында эле эмгек мигранттарынын жана алардын өз мекенинде калган үй-бүлөлөрүнүн көйгөйлөрүнө өзгөчө көңүл бурган. Садыр Нургожоевич өзү дагы мигранттар көргөн бардык кыйынчылыктарды башынан өткөргөн.

Эмгек мигранттарынын көйгөйү — биздин мамлекеттин көйгөйү, муну президент Жапаров дагы жакшы түшүнүп турат. Ошондуктан, Садыр Нуркожоевич кол койгон алгачкы жарлыктардын бири эмгек миграциясында жүргөн кыргызстандыктарга жана аларды социалдык жактан колдоого арналган», — деп баса белгиледи Галина Байтерек.

Президенттин басма сөз катчысынын айтымында, Садыр Жапаров эмгек мигранттарынын кайрылуусу менен таанышты. Эмгек мигранттарынын балдарынын медициналык камсыздоо көйгөйлөрүнөн кабардар. Бул көйгөйдү максаттуу түрдө чечүүгө премьер-министрге тапшырма берилди.

«Эмгек мигранттарынын көйгөйлөрүн чечүү Садыр Жапаров үчүн биринчи кезектеги маселе. Бул маселе башка мамлекеттик маанидеги маселелер менен катар чечилет. Көйгөй Көз карандысыздыкка ээ болгон 30 жылдан бери топтолуп келген, албетте, аларды бир күндө чечүү мүмкүн эмес. Ошентсе да мигранттардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн мекениндеги жашоо сапатын жакшыртууга багытталган чаралар дайыма жүргүзүлүп турат», — деп билдирди президенттин басма сөз катчысы.

Галина Жумабековна Садыр Жапаровдун Россиядагы Кыргызстандык эмгек мигранттар менен болгон жолугушуусунда «элибиздин көйгөйлөрүн чечүү, Кыргызстандын жарандарын жумуш жана татыктуу жашоо менен камсыз кылуу, ошондой эле чет жерде жүргөн мекендештерибиздин Мекенине кайтып келүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү — максатым» деген сөзүн эске салды.

Президент Жапаров ошондой эле чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн Кыргызстан жарандарынын өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө кошкон зор салымын белгилеген. Ошондой эле мамлекеттин башкы милдеттеринин бири — алардын кызыкчылыктарын коргоо жана ар тараптуу колдоо болушу керектигин, бул багыттагы иштерди күчөтүү зарылдыгын билдирген.

Буга байланыштуу, Президент алгачкы жарлыктарынын бири — «Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.

Ошондой эле, Садыр Жапаров ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерде эмгектенгендердин пенсиясы жөнүндө макулдашуу 2021-жылдын 1-январында күчүнө киргендигин маалымдаган. 2022-жылдын январынан тарта Россияда жүргөндөр пенсияга чыгуу үчүн арыз берсе болот.

Садыр Жапаров Россияда эле эмес, Казакстанда жүргөн эмгек мигранттарынын көйгөйлөрүн да, ошол эле учурда, жакшы жактарынан маалымдар.

Москвадагы эмгек мигранттары менен жолугушуу учурунда ал миграциялык каттоонун көйгөйлөрүн — салык төлөөдөн качкан үй ээлери чет элдик жарандарды каттоого тургузуудан баш тарткан учурларды да белгилеген.

«Казакстанда бул маселеде „кабарлоо тартиби“ деген жакшы тажрыйба бар: жарандар мамлекеттик органга келген жана иштеген жери жөнүндө билдирүү гана жөнөтөт, андан кийин ал каттоого турат. Ушундай эле жол-жобону ЕАЭБдин алкагында киргизүүнү сунуштайбыз», — деп айткан президент Садыр Жапаров.

Ошону менен бирге Галина Байтерек эмгек мигранттарынын көйгөйлөрүн чечүү мамлекеттик башкарууну реформалоо, Кыргызстандын экономикалык кризистен чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын эгемендүүлгүнүн акыркы 30 жыл ичинде топтолгон көптөгөн көйгөйлөрдү чечүү менен байланыштуу экенин баса белгилейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости