www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарындын тургуну тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» экстремисттик уюмдан баш тартты. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан экстремисттик уюмдар менен байланышы бар жарандар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» уюмунун идеологиясын колдоп жүргөн Нарын шаарынын Р.Р. аттуу тургуну өз ыктыяры менен экстремисттик уюмдун идеологиясын колдоодон баш тартты. Ал «Салттуу ислам» эрежелери менен дин тутууну туура көрүп, мындан ары Кыргызстанда тыюу салынган уюмдар менен байланышпоо, мыйзамдуулукту сактоого милдеттенди.

Нарындын милициясы экстремизмге каршы күрөшүүгө укук коргоо органдары менен тыгыз байланышуу, интернет булактарында шек жараткан маалыматтарды жайылтпоого чакырат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости