www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Премьер-министр Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы «Бишкек штамптоо заводу» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Премьер-министр ишкананын жетекчилиги жана жумушчулары менен жолугушуп, өндүрүш цехтерин, аскердик, ошондой эле спорттук-аңчылык багыттагы буюмдарды чыгарууга арналган жабдуулардын абалын көрүп чыкты.

Өкмөт башчы мамлекет үчүн коргоо-өнөр жай ишканаларынын маанилүүлүгүн баса көрсөтүп, заводду калыбына келтирүү иштерин күчөтүү зарылдыгын кошумчалады.

«Завод 500гө жакын адамды жумуш орду менен камсыздайт, өнөр жай дарамети толук ишке ашырылган эмес. Бирок завод иштеп жатканы кубандырат. Квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигине байланыштуу каржылык мүнөздөгү белгилүү бир маселелер бар, бирок натыйжалуу башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу жана заманбап мамиле кылуу менен заводду кайра калыбына келтирүүгө болот», - деди Улукбек Марипов.

Өкмөт башчы белгилегендей, быйыл Бишкек шаарында «Defindex-2021» эл аралык аскердик-өнөр жай көргөзмөсү өтөт.

«Көргөзмө биздин өндүрүмдөрдү илгерилетүү жана жаңы келишимдерди түзүү үчүн мыкты ишкердик аянт гана болуп калбастан, мындан аркы иштер үчүн байланыштарды жөнгө салууга шарт түзөт», - деди Улукбек Марипов.

Ал тийиштүү мамлекеттик органдарга кадрдык дараметти өркүндөтүүгө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшүүнү, ошондой эле каржы маселелерин чечүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.

Булак: NazaNews.kg

 

Последние новости