www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ президенти Жо Байден Вашингтон менен Пекиндин мамилеси "туура жолдо" экенин, мамелкеттик катчы Энтони Блинкен менен КЭР лидери Си Цзиньпиндин жолугушуусу прогресске өбөлгө болгонун белгиледи. Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат кызматына таянуу менен РИА Новости жазды.
"Өзүңөр деле билесиңер, прогресске жетиштик", — деген Байден.
Президент улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси аркылуу Блинкен менен байланышта болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, мамлекеттик катчы Пекинде чоң жумуш жасады.
"Биз туура жолдо бара жатабыз", — деди Байден.
Эскерте кетсек, Блинкен Пекинге кечээ келип Си Цзиньпин менен жолугушкан. Бул америкалык мамлекеттик катчынын беш жылдан берки Кытайга барган биринчи учуру. Сапар Пекин менен Вашингтондун мамилеси Тайвань сыяктуу комплекстүү маселелерден улам кескин начарлап кеткенине байланыштуу уюштурулганы айтылды.
Тайвандын тегерегиндеги кырдаал АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин аралга сапары тууралуу маалымат пайда болгондон кийин курчуй баштаган. Саясатчы Кытайдын мындай кадамдан баш тартууну өтүнгөнүнө карабай Тайбэй аэропортуна 2-августта конгон. Конгрессмен айым өз сапарын "Кошмо Штаттардын Тайвандагы демократияны колдоого умтулгандыгынын далили" деп атаган.
Пелосинин сапары 1997-жылдан бери АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикеринин Тайванга жасаган биринчи сапары болду. Андан кийин Кытай бийлиги АКШ менен кээ бир тармактарда кызматташууну убактылуу токтотууну чечкен.
Булак: NazarNews.kg