www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атлантика океанында чөккөн "Титаник" кемесинин урандыларына туристтерди ташыган суу астындагы кеме дүйшөмбү күнү байланышка чыгууну токтотту.

Суу астындагы кемеге ээлик кылган Oceangate Expeditions компаниясы АКШ менен Канадада издөө иштерин баштады. Бортто туристтер болгон-болбогону жана алардын саны тактала элек.

Жеке экскурсиялар үчүн "Титан" аттуу чакан суу астындагы кайык колдонулат. Ал беш кишиге ылайыкталган: капитан, окумуштуу-гид жана үч туристти батырат. Адатта, экспедициялар сегиз күнгө созулат. "Титаниктин" кыйраган жерине жеткен жүргүнчүлөр суу астындагы кемеге отуруп, чөгүп кеткен лайнерди кыдырып чыгышат. Сууга түшүүнүн өзү болжол менен сегиз саатка созулат. Турдун баасы 250 миң долларга чейин жетет.

Oceangate Expeditions компаниясынын маалыматы боюнча суу астындагы кеме кырсыкка учураганда борттогу жашоону 96 саат бою колдогон система бар.

"Титаник" Канаданын Ньюфаундленд аралынан 600 чакырым алыстыкта, Атлантика океанынын түбүндө 3800 метр тереңдикте жайгашкан.

Трансатлантикалык "Титаник" – өз учурунун эң чоң жана эң кымбат жүргүнчү кемеси болгон. 1912-жылы Саутгемптондон Нью-Йоркко баратканда айсбергге урунуп, кыйраган. "Титаниктин" бортунда 2200 жүргүнчү жана экипаж мүчөлөрү болгон. Алардын 1500дөн ашыгы өлгөн. Кеменин калдыктары 1985-жылы табылган. Ошондон бери алар жигердүү изилденип, ошондой эле туристтерди тартууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости