www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Жо Байден үч жылдан ашык убакыт мурун COVID-19нын жайылышына байланыштуу киргизилген өзгөчө кырдаал режимин алып салуу боюнча мыйзам долбооруна кол койду. Бул тууралуу маалымат Ак үйдүн сайтына жарыяланды.
Өзгөчө кырдаал 2020-жылы ошол кездеги президент Дональд Трамп тарабынан коронавирустун пандемиясынын шартында киргизилген. Кийинчерээк Байден аны узарткан. Январда президент АКШ Конгрессинин жетекчилигине өзгөчө кырдаалды 11-майдан тартып алып салууну пландап жатканын айткан.
АКШда Джонс Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, пандемия учурунда 104 миллионго жакын коронавирус инфекциясы катталып, 1,1 миллион адам каза болгон.
Булак: NazarNews.kg