www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШдагы кымбатчылык үчүн Байден Орусияны күнөөлөдү

Март айында АКШда баалардын кескин көтөрүлүшүндө Орусиянын күнөөсү болгон. Бул тууралуу АКШ президенти Джо Байден Айова штатында сүйлөп жатып билдирди. «Биз инфляциянын бүгүнкү маалыматтарын көрдүк – март айында баалардын өсүшүнүн 70%ы (Орусиянын президенти Владимир – Ред.) Путиндин бензиндин баасын көтөрүүсү менен шартталган», - деди Ак үйдүн башчысы.

Байден, ошондой эле, Орусиянын Украинадагы атайын аскерий операциясы дүйнө жүзү боюнча газ жана тамак-аштын кымбатташына алып келгенин айтты. Америкалык лидер кырдаалды өзгөртүү үчүн колдон келгендин баарын жасап жатат деп ишендирүүгө аракет кылып, баанын өсүшүн басаңдатууга багытталган имиш жарлыктарын чыгарды.

АКШнын Эмгек департаментинин маалыматы боюнча, март айынын акырына карата керектөө бааларынын жылдык баасы 8,5 пайызга өскөн. Өткөн жылдын февраль айында бул көрсөткүч 7,9 пайызды түзгөн. 1981-жылдын декабрынан берки эң жогорку өсүш болду.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости