www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балким, президенттин ордун аңсап турабы, Марат Иманкулов оппозицияда жүргөндө «тили буудай кууруп» турган. Ага Коопсуздук кеңешин жетектетип койгондон бери уйку басып, үнсүз, тилсиз калган, Тажикстан менен болгон окуя оор уйкуда жаткан «чиниш» Марат Иманкуловду «шиш менен сайгандай» ойготту. Албетте, АКШ Орусияга бирди көрсөтөм деп кекенип тажик-кыргыз чек арасындагы кырдаалды курчутуп жатат. Лейлек районунун Достук айылын миномет менен тажик тарап тытыратып атканы аз келгенсип, күчтөрүн чогулта баштаган.

Тажикстан деле оңуп кеткен жок,ага коңшулаш Эмомали Рахмонго тиш кайрап турган талибандар башында турган Ооганстан турат.Алар да Москванын ракеталарынан чоочуп турушкандай. Тажикстан да биз сыяктуу ЖККУ (ОДКБ) мүчөсү. Ошондуктан кыргызга тийишсе  ЖККУ (ОДКБ) унчуга албай кайсалактап калат. Кошуна турган биз азыр Тажикстандын тышкы соодасында 0.8 пайызды түзөбүз. Тажикстан менен талаш маселеге айланган чек арадан башка эмнебиз чогуу? Биз муну дурустап талдай элекпиз. 60 пайызы чечиле элек 984 километр талаш чек арабыз бар, андан башка эмнебиз окшош? Тилибизби?  Жок, алардыкы фарси тили. Тарыхыбызбы? Жок, Советтер Союзунан беркиси эле окшош. Бизди эмне бириктирет, эмне ажыратат? Эл аралык актуалдуу маселелер боюнча позициябыз окшошпу?

Соода-экономикалык байланышты алсак. Кошуна турган биз азыр Тажикстандын тышкы соодасында 0.8 пайызды түзөбүз. Орусия алдыда, Пакистан, Өзбекстан, Швеция! Ал эми 99-жылы биз 12 пайыз болчубуз. Мамилебиз да башкача болчу. Ошонун баарысын тактап, кайсы багыттарда бирдиктүү позицияда экенибизди, кай жерде үзөңгүлөш боло алабыз дегенди  тактап алышыбыз керек. Былтыр аткылаган кичинекей Арка айылында 15 май куючу жай болгон. Эмнеге? Алар күйүүчү майды коңшу өлкөгө сатышкан. Аткезчилик ошол май куючу жайларда болгон. Иликтөөдө май куюучу жайларга аткаминерлер, Жогорку Кеңештин депутаттары ээлик кылары көрсөтүлгөн. 

Ворухка жол Капчыгай же Танги айылдарынын астынан же үстүнөн өтөрү протоколдо көрсөтүлгөн. Бирок анда жолду чогуу курабыз деп көрсөтүлгөн. Бирок кийинки маалда биздин чечимдерге жараша ал жолду биз өзүбүз кура турган болдук, кыргыздын жолу, Кыргызстандын аймагында боло турган болду. Бирок ал жолго байланыштуу деле аягына чейин чечим кабыл алына элек. Себеби биз бул жолду кура турган болсок, башка территориялар менен чогуу бүтүрүшүбүз керек. Тажиктер болсо ушул эле жолду бүтүрөбуз деп жатат.

Май айынын башында Баткендеги куралдуу чек ара жаңжалынан кийин жолуккан чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегациялары бул жолго байланыштуу мунаса келгени маалымдалган. Анда тараптар Тажикстандын Кожалы (Хожаи Аъло) айылы менен Ворухту байланыштырган айланма жолду биргелешип курат, Кыргызстандын Капчыгай айылынын чыгыш тарабы аркылуу өтүүчү жолду тажик тарап оңдоп-түзөп, колдонот деп макулдашкан. Кыргыз бийлиги бул Ворухка коридор берилди дегенди түшүндүрбөй турганын, жер да, жол да кыргыз тараптыкы болорун, болгону тажик жарандарына ал жол менен каттоого уруксат берилерин айткан.

Тажикстан Республикасынан контрабандалык товарларды алып өтүү аракеттери уланууда. Азыркы учурда Тажикстан Республикасы менен мамлекеттик чек ара убактылуу жабык жана товарларды, жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү токтотулган.Чек ара аймактарынын айрым тургундары контрабандалык жүктөрдү Тажикстан Республикасынан ташып өтүү аракеттери уланып жаткандыгы аныкталган. Жергиликтүү элдик сакчылар Тажикстан Республикасынан Кыргыз Республикасынын аймагына 4 тонна көлөмүндөгү контрабандалык жүктөрү алынып келинген фактыны аныкташкан жана КРнын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү үчүн бажы кызматына өткөрүлүп берилген. Кыргыз Республикасынын УКМК КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык, контрабанда кылмыш иш болуп саналарын эскертет. Ошол эле учурда, мыйзамсыз контрабанда иш-аракеттерине катышкан адамдардын КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылган.

Былтыр коңшулаш Тажикстан ал-абалдын өтө кооптуулугунан ОДКБдан (ЖККУ) жардам сурап «SOS» тревогасын кага баштады. Өмүр боюу курал кармап чоңоюшкан афгандык талибандар Тажикстандын чек арасына чейин келип миңдеген качкындар Афганистандын Бадахшан аймагынан Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусуна качып кирген. Тажикстан коңшу мамлекеттен жаралып жаткан кооптуулук менен чакырыктарга каршы туруу жана абалды турукташтыруу боюнча бардык аракеттерди көрүүдө. Бирок түзүлгөн кырдаалдан улам, мындан тышкары, Афганистан менен чектешкен айрым аймактар тоолуу жерде жайгашканына байланыштуу жалгыз күрөшүү оор болуп жатат. Тажикстан кырдаал ОДКБ тарабынан кийлигишүүнү талап кылууда деп эсептейт. Алар түштүк чек араны бекемдөө боюнча потенциалды күчөтүү зарылдыгынан улам ОДКБны жардамга чакырып жатат. Ушу тапта Афганистанда өкмөттүк армия менен "Талибан" кыймылынын ортосунда тирешүү жүрүп жатат. Согушкерлер айылдарды басып алып, эми ири шаарларга багыт алууда. Кооптуу кырдаал АКШнын 11-сентябрга чейин бардык аскер күчүн чыгарып кетүү боюнча берген убадасынан кийин курчуй баштаган. 2020-жылы Вашингтон Дохада "Талибандын" өкүлдөрү менен 18 жылга созулган согуштан кийин тынчтык келишимине кол койгон. Анда чет элдик контингенттин республикадан чыгып кетүүсү, туткундарды алмашуу жана афган аралык сүйлөшүүнү баштоо каралган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости