www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка президенти Джо Байден 6-апрелде Вашингтондо Украинага басып киришине байланыштуу Орусияга каршы киргизилген санкциялардын жаңы пакети боюнча комментарий берди. Байден өз сөзүндө санкциялардын соңку пакети орус экономикасынын акыркы он беш жылдагы пайдасынан куржалак калтыраарын айтты.

«Анткени биз Орусияны жаңы үлгүдөгү өткөргүчтөрдү, кванттык технология үчүн керектүү компоненттерди, интернет операцияларын коопсуз колдоо сыяктуу технологияларды, XXI-кылымда атаандаш болуу үчүн зарыл болгон нерселерди импорттоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыраттык. Биз көп жылдар бою орус экономикасынын өсүү мүмкүнчүлүгүн бөгөттөйбүз», - деп айтканын «Америки добушу» радиосу билдирди.

Ал Орусия рыногунан чыгып кетип жаткан жеке компанияларды да атады. Ошондой эле, Джо Байден жаңы киргизиле турган санкциялар туурасында да айтты. «Биз толук бөгөттөлө турган мамлекеттик компаниялардын тизмесин кеңейтебиз. Бул компаниялар орус өкмөтүнүн кирешесинин негизги булагы, Путин аны өзү үчүн жана Украинадагы согуш үчүн колдонот», - деди Байден. Ал орусиялык ири бизнес өкүлдөрүнө каршы дагы санкциялар боло турганын белгиледи.

Орусиянын Украинага басып киргенине байланыштуу Кошмо Штаттар шаршембиде жарыяланган жазалоочу чаралардын жаңы пакетинин алкагында орус президенти Владимир Путиндин эки бойго жеткен кызына финансылык санкция салган. Вашингтон администрациясынын жогорку өкүлүнүн айтымында, «кара тизмеге» орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жубайы менен кызы, өкмөт башчы Михаил Мишустин, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев да кирген.

Ошондой эле, санкцияга Орусиянын эң ири каржы институттар - Сбербанк жана менчик Альфа-банк кабылды. Мындан тышкары, АКШ Орусияга жаңы инвестиция салууга уруксат бербейт. Орусиянын санкция салынган мамлекеттик ишканаларынын жана конкреттүү кишилердин жаңы тизмеси бейшемби күнү жарыяланат деп күтүлүүдө.

Байден, ошондой эле, Украинага аскерий жабдыктар берилээрин айтты. «Америки добушу» радиосу билдиргендей, аналитиктер Батыштын санкцияларынан улам орус экономикасынын көлөмү 15 пайызга кыскарат.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости